Биз менен байланышыңыз

Курултайда Кыргызстандын атын өзгөртүү маселеси каралбайт

Кыска кабар | 22 Ноя 2018 | 851 | 0

“Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” аталыштагы курултайда өлкөнүн атын өзгөртүү маселеси каралбайт. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн атын өзгөртүү “Аалам” партиясынын лидеринин жеке пикири болуп саналат.

Эске салсак, 21-ноябрда “Аалам” партиясынын лидери Арсланбек Малиев Кыргызстандын атын өзгөртүү маселесин көтөрүп чыккан.

Курултай 24-ноябрда өтөт. Анда өлкөдөгү саясий жана экономикалык абал, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык жана Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишмердиги талкууланат.

Copyright © 2017 Maral FM