Биз менен байланышыңыз

Дамир Сагынбаев Москвада жыйынга катышты

Кыска кабар | 22 Ноя 2018 | 455 | 0

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 21-ноябрда Москва шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйынына катышты.

Анда Ооганстандагы абал, коркунучтар жана чакырыктар, биологиялык коопсуздуктун жаңы коркунучтардын алдын алуу жана биргелешип жооп берүү иштери, террористтик ишмердикти каржылоонун алдын алууга биргелешип иштөөнүн багыттары боюнча талкуу болду.

Жолугушуунун натыйжасында КМШ аймагында ич ара кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча сунуштар иштелип чыкты.

Мындан тышкары, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев аймактык кызматташуу маселелери боюнча Казакстан жана Өзбекстандын Коопсуздук кеңештеринин катчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM