Биз менен байланышыңыз

ИИМ жол кырсыгына алып келген себептерди атады

Кыска кабар | 22 Ноя 2018 | 456 | 0

Ички иштер министрлиги жол кырсыгынын негизги себептерин атады. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов 4 негизги жагдайды белгиледи.

Биринчиси, жол кырсыгына айдоочулардын кесипкөйлүгү таасир этет. Өлкө аймагындагы кырсыктардын 86 пайызы айдоочулардын күнөөсү менен болот.

Экинчиси, жолдордун, көчөлөрдүн коопсуздугу. Үчүнчү маселе эксплуатацияда жүргөн транспорт каражаттарынын абалы. Себеби автоунаалардын 80 пайызы заводдон чыккандан бери 10 жылдан ашып кеткен.

Төртүнчүсү коомдун көчөдө өзүн-өзү алып жүрүү маданияты болуп эсептелет.

Эске салсак, быйыл 4831 жол кырсыгы катталган. Жол эрежесин бузуу фактыларынан түшкөн айып пулдун суммасы 428 сомду түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM