Биз менен байланышыңыз

Түркиянын Евробиримдикке кирүүсүнө адам укугун тебелөөсү тоскоол болууда

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Ноя 2018 | 596 | 0

Бүгүн түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүд Чавушоглу менен Евробиримдиктин Тышкы саясат жана коопсуздук комитетинин өкүлү Федерика Могерини менн биримдиктин кеңейүү жана коңшулук кызматташтык боюнча комиссары Йоханнес Хан Стамбулда жолугушат. Жолугушуунун башкы темасы, Түркиянын биримдикке кошулуу мөөнөтү жана шарттары жөнүндө болот.

Негизинде ар алты айда бир Түркияга келип, диалогду улантып туруусу шарт болгон Федерика Могерини 16 айдан бери биринчи жолу өлкөнү зыярат кылды.  Бирок биримдиктин өкүлдөрү бул жолугушуу түрк тарапты кандайдыр бир олуттуу жыйнтыктардан үмүттөндүрбөшү керектигин эскертти. Бул зыярат көп деле нерсени чечпей, болгону эки тараптын диалогу уланып, кабарлашуу жүрүп жатканын билдирүү маанисинде өтөрүн белгиледи. Мындан тышкары декабрдын ортолорунда Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын катышуусу менен саммит өтөрүн да жарыялашты.

Эске салсак, Түркия Евробиримдикке кошулуу арызын 1987-жылы эле берген. Бирок анын расмий түрдө талапкер деп катталуусу 12 жылдан кийин гана ишке ашты. Ал эми Түркиянын биримдикке кирүү маселесин талкуулооло расмий түрдө 2005-жылы башталды деп жарыяланган.

Андан бери өлкөдөгү ар кандай саясий-социалдык абал, укуктук нормалар жана тышкы саясаты Евробиримдиктин нормаларына дал келбей жатканына байланыштуу маселе созулуп келе жатат. Түркиянын биримдикке кошулуусун колдогон 75% мүчө 2015-жылы 20%ды гана көрсөтүп калган.

2016-жылы башталган бийликке ыктабаган бардык тараптарга каршы куугунтук өлкөнүн биримдикке кирүү маселесин андан бетер оордотуп койду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM