Биз менен байланышыңыз

Карамушкина: Оштун мэри Орусиянын жараны экенине далилим бар

Кыска кабар | 22 Ноя 2018 | 648 | 0

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев Орусиянын жараны болуп эсептелет. Мындай маалыматты КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина парламент жыйынында айтты.

Ал буга далил да бар экенин айтып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин көңүл бөлүүгө чакырды.

“Таалайбек Сарыбашев 1971-жылы туулгандыгы, учурда жашаган жери Новосибирскиде экени Орусиянын салык кызматынын документинде турат. Анын качан Орусиянын жарандыгын алгандыгын такташ керек. УКМК анын башка мамлекеттин жараны болуп туруп, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү, учурда Оштун мэри болуп турганын тактасын” – дейт депутат.

Эске салсак, буга чейин Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев Орусиянын жараны деген маалымат тараган. Анда Сарыбашев 2004-жылы Орусиянын паспортун алып, 2016-жылдын 30-марттында алмаштырганы айтылган. Мэриянын басма сөз кызматынын башчысы Азамат Абсаттаров, бул маалымат чындыкка жатпай турганын билдирген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM