Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Нью-Делидеги эл аралык көргөзмөгө катышууда

Кыска кабар | 21 Ноя 2018 | 638 | 0

Кыргызстан «India International Trade Fair-2018» эл аралык көргөзмө-жарманкесине катышып жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Көргөзмө Индиянын Нью-Дели шаарында болуп, 27-ноябрга чейин уланат. Ага Кытай, Иран, Түштүк Корея, Нидерланды, Түркия, БАЭ жана башка өлкөлөр катышып жатат.

Анда Кыргызстан «Арсланбоб» бренди менен чыккан ата мекендик айыл чарба азыктарын тартуулап жатат. Иш-чарага катышкандар кургатылган мөмө-жемиштерди, балдын мыкты сапатын жана даамдуулугун белгилеп жатышат.

Белгилей кетсек, аталган көргөзмөгө Кыргызстан 2017-жылы да катышкан. Анда өлкөнүн айыл чарба азыктары, текстиль продукциясы миллиондогон катышуучуларга көрсөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM