Биз менен байланышыңыз

Масадыков: Кийинки президенттик шайлоого катышууга ниетим жок

Пикирлер | 21 Ноя 2018 | 761 | 0

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Таалатбек Масадыковдун кийинки президенттик шайлоого катышуу ниети жок. Мындай оюн өзү “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда саясатка аралашуу үчүн каражат керек.

«Эл күн карама болуп дароо акчалууга же башка жакка ооп кетет. Эгер мен президент болсом, анда кадрдык тазалоо жүрмөк. Ал эми азыркы бийлик мени кызматка чакырса, баарын таразалап көрмөкмүн. Бирок 90 пайыздан ашык азыркы команда менен иштөө туура эмес», — дейт Масадыков.

Ал азыр өкмөт башчы чечкиндүү болуп, таанышын кызматка койбошу керектигин белгиледи.

Масадыков БУУнун Афганистандагы атайын саясий миссиясынын саясий директору болуп турганда Кыргызстанда чоңдор тарабынан чакыруу болгонун кошумчалады.

«Тажрыйбам менен бөлүшүп, мекенге кызмат кылайын деп келдим. Экинчи себеп-мени чоңдор чакырган. Бирок саясатта көз караштар алмаша берет экен. Чоңдордун тегерегинде ар кандай команда болот. Ишенбестик, көрө албастыктар боло берет. Ошол кездеги президент Атамбаевдин тегерегиндеги адамдарда да ушундай көз караштар болду окшойт. Келген соң эки, үч кызмат тууралуу сөз болгон. Бирок кызмат ордун президент чечерин айтышкан. Атамбаев кабыл алган жок, же каалоосу болбоду, же киргизишкен жок. Кийинчерээк 4 мамлекеттин бирин тандап элчи болуу сунушун беришти. Мен макул болгон жокмун. Кызыктуу жумуштарды сунуштап, келген соң мындай жагдай болуп калганы мени өкүндүрдү. Бирок турмушта болот. Реалдуу, оптимист катары кабыл алдым», — дейт Масадыков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM