Биз менен байланышыңыз

Президент камактагы саясатчыларга айкөлдүк кылабы?

Саясат | 20 Ноя 2018 | 1280 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Текебаевди каматпай эле койсом болмок деген пикирин айтты.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев коомчулукка камактагы мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев тууралуу пикирин айтты. Анда Атамбаев Текебаевдин күнөөсү толук бар экенин, бирок ага карабай каматпай эле койсом болмок деген сөзү талкууга жем таштады.

Мен бүгүн чынын айтайын… Текебаевге байланыштуу мыйзамды карабай деле койсом болмок экенин мойнума алам… Мыйзам боюнча ал жерде баары далилденген, Текебаевдин деле тарапкерлери ошол миллион тууралуу сөз кылышкан. Бирок мен андай кылбай деле койсом болмок экен. Мен күч органдарына баарын мыйзам чегинде жасагыла деп талап койчумун

Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Исхат Масалиев Жээнбеков өз алдынча саясатты баштаганын айтып жатат. Бирок аны актаганга азырынча эрте экенин жана убакыт келгенде башка дагы куугунттукталды деген саясатчыларга карата мамилесин өзгөртүшү мүмкүн экенин болжоду.

Бул киши айтканына азыркы президент реакция кылбайт. Эми ал өзүнчө саясат жүргүзөт. Анын талаптарын аткарууга мыйзам дагы жол бербейт. Ошондуктан эч нерсе күтпөшүбүз керек. Мен ойлоп жатам, президенттин жеке өзүнүн саясий эрки жеткенде гана Текебаевге жана башка саясатчыларга карата конституциялык укугун колдонушу мүмкүн. Бирок азыр эмес.

Ал эми Кыргызстан адвокаттар кеңешинин төрагасы Билим Райымкулов бүгүнкү күнү белгилүү, аброю бар адамдардын укуктары корголуп, бейкүнөө жерден соттолгондор тууралуу сөз дагы айтылбай келатканын белгиледи.

Саясатчылардын көбү акчасын төлөп, адвокаттар менен журналисттерди сатып алып жатат. Ошондуктан коомчулукка алар тууралуу маалыматтар арбын чыгат дагы алардын укуктарын коргоо сыяктуу маселелер көтөрүлөт. А бирок карапайым адамдардын арасында дагы бейкүнөө соттолгондор четтен чыгат. Бирок алар тууралуу эч ким айтпайт. Натыйжада, алардын үнү көп жерге жетпей калат.

Кыргызстандагы абактарда орто эсеп менен 12 миңдин тегерегинде киши жазасын өтөп жатат. Бирок алардын ичинен кайсы бир бөлүгүн күнөөсүз жерден камалгандар түзөт.  Алардын укугу дагы корголушу керектигин эксперттер айтууда.

Ал эми экс-президенттин Текебаев тууралуу билдирүүсү анын учурундагы күчтүү делген командасын жоготконун жана кайрадан жакын адамдарды топтоо аракетин көздөп турганын  юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев  белгилейт.

Атамбаев Текебаевдин ишин мыйзам боюнча карагыла дегенин кечээ эле айтты. Минтип айткан себеби, саясий аренада Атамбаев кадыры артка чегинип  баратат. Ошондуктан ушундай жол аркылуу ал өзүнө команда чогултууну туура көрүп турат. Коомдон колдоо күтүп жатканын ачык эле көрүүгө болот. Мындан улам Текебаев темасына дагы кайрылды деп ойлойм.

Эскерте кетсек, экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда коомчулукка жергиликтүү телеканал аркылуу кайрылуу жасаган.

Бирок президент Сооронбай Жээнбеков жана анын аппараты Атамбаевдин соңку билдирүүсүнө байланыштуу азырынча үн ката элек.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM