Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков өкмөттүн жана парламенттин мурунку жетекчилери менен жолукту (тизме)

Кыска кабар | 20 Ноя 2018 | 987 | 0

«Кыргызстандын саясий элитасы бири-бирин сыйлаганды, бири-бирин укканды үйрөнүшү керек. Алар конструктивдүү кызматташа алса, анда өлкөдө тынчтык, ынтымак жана өнүгүү болот». Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-ноябрда, Жогорку Кеңештин экс-спикерлери жана экс-премьер-министрлер менен жолугушуу учурунда айтты.

Анын айтымында, бул жолугушуунун башкы максаты — бир аянтчада өлкөнү өнүктүрүүнүн маселелерин  талкуулоо болуп эсептелет. Ошондой эле келечекте сырткы жана ички саясатка тиешелүү чакырыктарды талкуулоону сунуштады.

«Сиздер Кыргызстандын соңку тарыхындагы бурулуш учурларда тагдыр чечкен чечимдерди кабыл алууга түздөн-түз катышкансыздар. Саясий майдандын чордонунда жүрдүңүздөр. Бардык жагынан мол тажрыйбаңыздар бар. Бул олуттуу ресурс өлкө үчүн пайдаланылбай калбаш керек», — деди  Жээнбеков.

Ал мындан тышкары, жарандык коомдун, саясий күчтөрдүн жана мамлекеттик башкаруу органдарынын ортосундагы диалогду, кызматташтыкты илгерилетүүгө даяр экендигин белгиледи. Жеңил пиардан жана пайдасыз чыр-чатактардан алыс экенин, сындан да качпай турганын айтты.

Жыйынга катышкан экс-премьер-министрлердин тизмеси:

  1. Турсунбек Чынгышев
  2. Апас Жумагулов
  3. Кубаныч Жумалиев
  4. Амангельди Муралиев
  5. Феликс Кулов
  6. Азим Исабеков
  7. Игорь Чудинов
  8. Жоомарт Оторбаев
  9. Темир Сариев.

Жогорку Кенештин экс-спикерлери:

  1. Медеткан Шеримкулов
  2. Алманбет Матубраимов
  3. Мукар Чолпонбаев
  4. Абдыганы Эркебаев
  5. Алтай Бөрүбаев
  6. Ишенбай Кадырбеков
  7. Муратбек Мукашев
  8. Марат Султанов
  9. Адахан Мадумаров
  10. Айтибай Тагаев
  11. Зайнидин Курманов
  12. Ахматбек Келдибеков
  13. Чыныбай Турсунбеков

Жыйынга ЖМКлар катышкан жок.

Copyright © 2017 Maral FM