Биз менен байланышыңыз

Бекназаров курултайды өткөрүүнү ким каржылаганын айтты

Кыска кабар | 20 Ноя 2018 | 796 | 0

Коомдук-саясий уюмдардын 24-ноябрга белгиленген курултайын өткөрүү, ага келе турчу делегаттардын чыгымдарына саясий партиялар 20 миң сом, коомдук уюмдар 10 миң сомдон чыгарат. Бул тууралуу “Марал” радиосуна саясатчы Азимбек Бекназаров билдирди.

Бизди эч ким каржылаган жок, өзүбүздү-өзүбүз каржыладык. Бийлик бир гана драм театрдын имаратын алып берүүгө жардам берген. Делегаттар аймактардан келбейт, аларды ар бир саясий партия, коомдук уюм өзү аныктайт”— дейт Бекназаров.

Ал  мындан тышкары, курултайга экс- президент Алмазбек Атамбаев келбей турганын расмий билдиргенин, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков келбесе да өкүлүн жиберерине ишеним артарын кошумчалады.

Бекназаров курултайда сөз сүйлөй турчу киши катары, Атамбаевдин 19-ноябрдагы билдирүүсүнөн кийин бир топ сөзүн оңдогонун айтат. Ал буга чейин Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы тирешүүнү жоюу, аларды жараштыруу аракетин көрүү жөнүндө ойлоп жатса, эми ал оюнан кайтканын билдирди.

«Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең» деп аталган курултай 24-ноябрда өтөт. Анда өлкөдөгү саясий жана экономикалык абал, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык жана Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтагы бир жылдык ишмердиги талкууланат.

Copyright © 2017 Maral FM