Биз менен байланышыңыз

23-ноябрга чейин Бишкектин айрым аймактарында газ өчөт

Кыска кабар | 20 Ноя 2018 | 454 | 0

23-ноябрга чейин Бишкектин айрым аймактарында газ берүү токтотулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясы билдирди.

20-ноябрда борбор калаанын Тоголок-Молдо, Щербаков, Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында газ токтотулат.

20-23-ноябрда «Щербаков», «Салам-Алик», «Көлмө» жаңы конуштарында; Малышев, Күреңкеев, Беломорский;

БЧК, М.Ганди, Саадаев, Ак-Тилек, Кара-Жыгач бакчасы көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;

Ошондой эле №46 мектебинин от казанында; «Геодезия-1» от казанында өчүрүлөт.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM