Биз менен байланышыңыз

Бишкектен Москвага поезд менен баруу акысы арзандады

Кыска кабар | 20 Ноя 2018 | 543 | 0

Бишкек-Москва каттамындагы поезддерге болгон билеттин баасы 55 пайызга чейин арзандады. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирди.

Москвага болгон жол кире купе вагондорундагы орун үчүн 12 миң 834 сом, плацкарт вагондорунда 9 миң 767 сомду түзөт. Бирок ал үчүн жүргүнчү билетти 45 суткадан 41 суткага чейин мурда алса, купе вагондорундагы орунга 55 пайыздык жеңилдик каралган. Ал эми 40 суткадан 9 суткага чейин мурда алса 45 пайыздык жеңилдик болот.

 

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM