Биз менен байланышыңыз

“Ата Мекен” фракциясы маалымат жыйынын өткөрөт

Кыска кабар | 20 Ноя 2018 | 444 | 0

Бүгүн, 20-ноябрда “Ата Мекен” партиясы маалымат жыйын өткөрүп, элге кайрылуу жасайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Шыкмаматов орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин кармалышынан кийин “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин иши кайра каралышы керектигин талап кылды. Ошондой эле  Маевскийдин кармалышы боюнча оюн билдирип: “аны” ким тосуп алып, узатып, ээрчитип жүргөнүн далилдейбиз. Ал «Hyatt Regency» мейманканасында калган. Ага 5 маал тамак берип карашкан. УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев жана башкалар менен жолукканын далилдейбиз. Маевский 3 млн сомдун тегерегинде каражат алып кеткен. Бул маалыматты ошол жерде ишке аралашып жүргөн мекенчил жигиттер айтып берет”, —  деди “Маралга” берген маегинде.

Ал мындан тышкары, Башкы прокуратурага расмий кайрылышаарын, Башкы прокурор Текебаевдин акталышына каршы туруп жатканы боюнча президентке да айтарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 17-ноябрда Өмүрбек Текебаев менен мурунку Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишинде негизги күбө катары эсептелген орусиялык ишкер, Мамлекеттик Думанын мурунку депутаты Леонид Маевский камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM