Биз менен байланышыңыз

Баткен облусуна прокурордун милдетин аткаруучу дайындалды

Кыска кабар | 19 Ноя 2018 | 781 | 0

Баткен облусуна прокурордун милдетин аткаруучу болуп Ороз Бердибаев  дайындалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин Ороз Бердибаев Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчиси кызматын аркалаган.

Эскерте кетсек, Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрга караган түнү киши колдуу болуп каза болду. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде иш козголду. Кылмышка шектелип Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси кармалган. Ошондой эле маркум менен аңчылыкта чогуу жүргөн 6 прокурор сурак берип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM