Биз менен байланышыңыз

Ишин токтоткон гезиттер жазылуу өнөктүгү менен жанданат

Коом | 19 Ноя 2018 | 976 | 0

Кыргызстанда чыккан гезиттердин нускасы азайды. Өзгөчө кыргыз тилдүү гезиттердин. Ушул сыяктуу себептерден улам азырынча 3 гезит ишин убактылуу токтотту. Буга каржылык кыйынчылыктар себеп болгонун гезиттердин редакторлору билдиришкен.

Мисалы, гезит саткан Салия апа сатылбай калат деген ой менен бирден-экиден гана гезит сатып алып келип, кайра сатат. Анда да баары өтпөй калат.

Күнүнө бир-эки гана гезит сатам. Анда да мен сыяктуу улуу муун албаса, жаштар окушпайт. Интернет билбегендер гана алышат. Интернет билгендер маалыматты ошол жактан алышат экен.

Медиа эксперттердин айтымында, 2018-жылдын башында көпчүлүк басылмалар, айрыкча кыргыз тилиндеги басылмалардын нускасы азайган. Кээ бирлеринин нускасы 30 пайызга чейин төмөндөгөн. Буга учурдагы экономикалык кырдаал себеп дешсе, айрымдар технологиянын өнүгүшү менен маалымат алуунун жолу да өзгөргөнүн жүйө келтиришет.

Чын эле сиз гезит окуйсузбу деген суроо менен шаар тургундарына кайрылдык.

Азыр интернетке чыккан гезитти окуп калдык, заманга жараша болобуз да.

-Окуганга убакыт жок. Интернетке да убакыт жок. Жаңылыкты телевизордон эле көрөбүз.

-Гезит окуйбайм. Жаңылыкты инстаграммдан эле окуймун.

-Такыр гезит окубайм. Окусам дагы Супер-Инфону эле окуйм.

Мына ушундай кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда чыккан 3 гезит: “Тамчы”, “Алло реклама” жана “Фабула” гезиттеринин редакторлору убактылуу ишмердигин токтотуп туруу чечимин кабыл алышкан. Мындай чечим каржы маселесине байланыштуу болгон. “ММКларды колдоо” борборунун менеджери Бакыт Дыйканов мындай чечимдин кабыл алынышы туура кадам деп ойлойт. Анткени гезит чыкканы менен чыгымды актабай жатат.

Негизинен мындай чечим туура кадам. Анткени чыгымды актабай жатат. Азыр гезитти улуу муун эле окубаса, жаштар окубай калышты. Баары гаджет, телефонго байланып, интернет аркылуу эле маалыматты алып жатышат.

Медиа эксперт Марат Токоев мындай көрүнүш дүйнө жүзүндө болуп жаткан абал экенин белгилейт. Технологиянын өнүгүшү менен маалымат алуу ыкмалары да өзгөрө баштаган. Гезиттер дагы интернетке өзгөргөн. Бирок дүйнөлүк практикада кагаздан интернетке өтүп, кайра кагаз түрүндөгү гезитке өткөн редакциялар да болгонун айтат.

-Бул нерсе Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө байкалып жатат. Гезиттер кагаздан интернетке өтүүдө. Бирок бардык эле гезиттердин сайты боло бербейт. Анын үстүнө гезиттеги макаланы интернетке жайгаштыруунун методикасы да башкача. Гезиттеги материалдын баары эле интернетке жайгаштырыла бербейт. Демек гезиттин өзүнүн орду бар.

Ушундай эле көрүнүш аймактык гезиттерге да тиешелүү. Учурунда жумасына 5 жолу басылып, 10 миң нускада чыгып жүргөн “Ысык-Көл кабарлары” облустук гезитинин нускасы азыр кыйла төмөндөгөн. Жумасына 1,5 миң дана гана басылат. Башкы редактор Абдыжапар Эгембердиевдин айтымында буга бир топ себептер бар.

Биринчиден биздин гезиттин материалдык-техникалык базасы начар болуп жатат. Кызматтык автоунаа жок, диктафон, фотоаппарат, компьютер деген техникалык каражаттарда кемчилик бар. Гезитке жазылуу жагы төмөн. Анткени аз да болсо калктын жашоосуна кирип келген интернет буга таасир этип жатат. Анысы аз келгенсип жергиликтүү жетекчилер гезит алууга жазылбай, окурмандар азайып кетти.

Бирок ага карабай учурда гезит боюнча да көп сандагы тиражын сактап келе жаткан басылмалар да бар. «Алардын сыры жазылуу өнөктүгүндө»,- дейт Бакыт Дыйканов. Убактылуу ишин токтоткон гезиттер да ошол ыкма менен кайра жандана турганын маалымдады.

-Бизде 1 жылда бир, 6 айда бир жазылуу өнөктүгү бар. Бул гезиттер дагы ошол ыкма менен кайрадан чыга башташат. Анткени жакшы нуска менен чыгып жүргөн гезиттер ошондой ыкма менен иштеп жүрүшөт.

Ал эми айрым медиа эксперттердин баамында Кыргызстанда эң биринчи маалымат булагы учурда телевидение. Ал эми интернетти маалымат булагы катары колдонгондор жылдан жылга көбөйүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM