Биз менен байланышыңыз

Тойдо уруксатсыз кызмат көрсөткөндөрдүн саны жарыяланды

Кыска кабар | 19 Ноя 2018 | 825 | 0

Салык кызматы тойлордо кызмат көрсөткөн 100дөн ашуун ишкердин салык мыйзамын бузганын аныктады. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

109 жаран уруксат берүүчү документтери, анын ичинде мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү, ыктыярдуу патенти ж.б. документтери жок болуп чыкты. Анын ичинде 44 тамаданын, 36 сүрөт тартуучунун, 6 музыканттын, 13 видеого тартуучунун жана 10 бий группасынын уруксат берүүчү документтери жок кызмат көрсөткөндүгү аныкталды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Аламүдүн районунда өткөрүлгөн эки айлык текшерүүдө залды жасалгалоо, фото-видео тартуу кызматтарын жана көңүл ачуучу (тамада, ырчылар, музаканттар, бий жана актерлук топтор ж.б. шоу) кызматтарды көрсөткөн 320 субъектти текшерилди. Ошол эле учурда бул мезгилде 769,2 миң сомго 211 патент берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM