Биз менен байланышыңыз

Кийинки жылы пенсияны көбөйтүүгө 659 млн сом каралды

Кыска кабар | 19 Ноя 2018 | 453 | 0

Социалдык фонддун аймактарда иштеген кызматкерлеринин эмгек акысы орто эсеп менен 9 миӊ сомду түзөт. Келерки жылы аны 15-20 пайызга көбөйтүү үчүн бюджетте 19 млн сом каралууда. Ал эми башчысынын маянасы 23 миӊ сом. Бул тууралуу Соцфонддун төрагасы Медет Ирсалиев Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылга Социалдык фонддун бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 54 млрд сом, 2020-2021-жылдарга 60 млрд сом көлөмүндө түзүлдү.

Ошондой эле, 2019-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 32 млрд сом өлчөмүндө пландалган. Ал эми республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын түшүшү 20 млрд сом өлчөмүндө.

Пенсиялык фонддун кирешелери 2019-жылы 49 млрд сомдон ашык,  пенсияларды көбөйтүүгө 659 млн сом көлөмүндө каражат каралды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM