Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев «Дастан» трансулуттук корпорациясына барды

Кыска кабар , Сүрөт | 19 Ноя 2018 | 906 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Дастан» трансулуттук корпорациясына барды. Өндүрүш боюнча директору Сергей Дробышевдин айтымында, завод дүйнөлүк стандарттардын заманбап талаптарына жооп берген продукцияны өндүрүүгө жөндөмдүү технологиялык базасы бар. Ысык-Көл боюнда тажрыйба жүргүзүү полигонуна ээ.

Ошондой эле кайра иштетүүлөрдүн бардык түрүн, ширетүү, аспаптык, көрүк иштерин, лак боео өндүрүшүн камсыздоого, ошондой эле жогорку татаалдыктагы печаттык платтарды, пластмассалык жана желим техникалык буюмдарды өндүрүүгө мүмкүндүк берет.

«Биз өнөр жайды өнүктүрүүдө секирик жасоого ниеттенүүдөбүз – бул биздин бекем багыт – жана Өкмөт өндүрүштү модернизациялоо жана «Дастан» заводунун мүмкүндүктөрүн кеңейтүү үчүн бардык зарыл аракеттерди көрөт», — деди Абылгазиев.

«Дастан» заводу КМШ аймагындагы жогорку класстагы деңиз куралдарын, атайы багыттагы суу астындагы техникалык каражаттарды түзүү жана өндүрүү жаатындагы алдыңкы ишканалардын бири болуп саналат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM