Биз менен байланышыңыз

Атамбаев президенттин шайлоо фонду тууралуу пикирин айтты

Кыска кабар | 19 Ноя 2018 | 1101 | 0

«Апрель ТВ» каналы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин маегинен үзүндү жарыялады. Ал 18-ноябрда азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо фондуна байланыштуу укук коргоочу Нурбек Токтакунов жарыялаган документ тууралуу комментарий берген.

Анда Атамбаев бул маселе эмнеге азыр жарыяланып жатканын түшүндүргөн.

Икрам Илмияновду камашты. Муну бухгалтерия​ боюнча штабдын бухгалтери билчү. Ал акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүн алып, башка өлкөгө кетип калды. Ал өзүнүн өмүрүнөн коркуп жатат. Анткени азыркы бийлик Бакиевдин жолуна түшүп алды. Бул документ жөнүндө билгендер өз өмүрүнөн коркуп жатышат. Эмнеге Кулматовду паспорт боюнча отургузушту? Бул дагы Бакиевдин тушундагыдай акылсыздык. Алар Медет Садыркуловду “биз каалаганыбызды өлтүрүп коё алабыз» дегенди көрсөткүсү келип өлтүрүшкөн. Булар күнөөсүздөрдү камап салышты. Мени таң калтырганы — биз атайын фонддун суммасынын чегин алып салганбыз. Эгерде бул таза каражат болсо эмнеге бардык сумманы ачык көрсөткөн жок? Бул албетте өкүнүчтүү, — деди Атамбаев.

Атамбаевдин толук билдирүүсү бүгүн, 19-ноябрда жарыяланат. Президенттин аппараты шайлоого кеткен каражаттар боюнча айтылган маалыматтар жалган экенин билдирген.

Эске салсак, укук коргоочу Нурбек Токтакунов былтыр шайлоо убагында Жээнбековдун штабы 1 млрд 170 млн сом жана 6 млн доллардан ашык иштеткенин жазып чыккан.

Фарид Ниязов: Токтакунов жарыялаган маалыматтар чын

Copyright © 2017 Maral FM