Биз менен байланышыңыз

Фарид Ниязов: Токтакунов жарыялаган маалыматтар чын

Кыска кабар | 16 Ноя 2018 | 1173 | 0

Президенттик шайлоо алдында Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеген Фарид Ниязов үгүт иштери учурунда анын алган акчасы тууралуу интернетке тараган маалымат чын экенин айтты. Бул тууралуу КСДПнын маалымат кызматы билдирди.

Ниязов штабды жетектеп, анын ишин тескеген. Бирок үгүт иштерин каржылоо анын милдетине кирбегенин, каржы жагын президенттикке талапкер штабдагы эки жооптуу киши менен талкуулап турганын билдирет.

«Биз материалды тыкыр иликтеп жатабыз. Жарыяланган документтеги иш-чаралар менен фамилиялар туура. Күндөрү дал келип жатат. Анын ичинде мен тууралуу жазылгандар да туура. Башка күндөр, сандар жөнүндө аты аталган кишилерден сураш керек. Мен жетектеген штаб шайлоо мыйзамынын алкагында гана иш алып барган«, — дейт Ниязов.

Эске салсак, 15-ноябрь күнү 2017-жылдагы шайлоодо президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө 1 миллиард 170 миллион сом жана 7 миллион долларга чукул каражат жумшалганы жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM