Биз менен байланышыңыз

Макрон: Глобалдык хаостун алдын алуу үчүн Европа биримдикте болуусу керек

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Ноя 2018 | 762 | 0

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Германиянын парламентинде сүйлөгөн сөзүндө Евробиримдикти ынтымакка чакырды.

Бизди бири-бирибизге тукуруп, каршылаштыргысы келгендер бар. Ошондой эле ички маселелерибизди талкуулоого да аралашып, либералдык демократиябызды бузууга аракет кылышууда. АКШ ж.б. технологиялык лөктөрдүн оюнчугу болбой, терс таасиринен узак болуу үчүн Евробиримдик өзгөчө ынтымак болуусу шарт. Биримдиктин бирдиктүү армиясын түзүү маселесинде Германия мени колдойт деп ишенем”,-деп билдирди Макрон.

Германиянын канцлери Ангела Меркель француз лидеринин пикирлерин колдоорун билдирди.

Франция-Германия достугу канчалык маанилүү жана Евробиримдиктеги ордун ачык-айкын айттыңыз. Чынында эле биз согуштан кийин төрөлүп, андан сабак алган жана аны эске сактоого жооптуубуз ,-деди канцлер.

Жакында бул эки өлкө башчылары ортосундагы салык, миграция жана биргеликте коопсуздукту коргоо маселелерин талкуулоо үчүн жолугушту. Алдыда бул маселелерге байланышкан бир топ бирдиктүү пландарды койгонун да маалымдашты.

Эске салсак, Эммануэль Макрон Германияга биринчи дүйнөлүк согуштун курмандыктарын эскерүү мааракесине катышуу үчүн барган. Ал жерде Германия бйлиги жана парламенти менен расмий сүйлөшүүордү жүргүздү. Евробиримдиктин орток армиясын түзүү тууралуу өткөн аптада пикирин билдирген болчу. Анын бул сөзү АКШ президентинин нааразы жообуна себеп болгон.

Copyright © 2017 Maral FM