Биз менен байланышыңыз

Быйыл Жалал-Абадга 14 эсе көп инвестиция тартылды

Кыска кабар | 18 Ноя 2018 | 602 | 0

Жалал-Абад шаарында быйыл 10 айда сырттан келген инвестиция 14 эсеге артты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Анткени өткөн жылы инвестициянын көлөмү 32,5 миллион сом болгон. Ал эми быйыл болсо 459,2 млн сомду түзүп жатат. Бул былтыры ушул убакка салыштырмалуу 14 эсе көп болуп саналат.

Кошумчалай кетсек, быйыл Жалал-Абад шаарында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 147 миллион сомдук инфраструктуралык курулуш иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM