Биз менен байланышыңыз

Муфтият: Ош шаарында азан айтуу боюнча сынак өтөт

Кыска кабар | 18 Ноя 2018 | 881 | 0

15-декабрда Ош шаарында облустук деңгээлде азан айтуу боюнча сынак өтөт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Сынак райондук, облустук жана райондук болуп үч этаптан турат. Бул облустук тандоодон алдыңкы үч орунга киргендер республикалык сынакка катышканы жолдомо алышат.

Иш-чара Ош облустук казыят жана «Мухаммед-Умар Ош» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп жатат. Максаты азандын маанисин калкка жайылтуу, азанды туура жана көркөм айткан азанчыларды даңазалоо болуп эсептелет.

Айта кетсек, сынактын шарттары жана эрежелери, сыйлыктары тууралуу кенен маалыматты муфтияттын сайтынан алсаңыз болот.

Copyright © 2017 Maral FM