Биз менен байланышыңыз

Адал өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча Бишкекте конференция өтөт

Кыска кабар | 17 Ноя 2018 | 567 | 0

Бишкекте 19-22-ноябрь аралыгында адал өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча эл аралык иш-чара өтөт. Бул тууралуу экономика министрлигинен кабарлашты.

Ага ылайык, алгачкы күнү конференция орун алып, калгын эки күндө адал стандарты боюнча окутуулар жүргүзүлмөкчү.

Иш-чарага Ислам өлкөлөрүнүн метрология жана стандартташтыруу институту жана Түрк стандарттарынын институтунан эксперттер чакырылган. Ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан консалтинг компанияларынын, жергиликтүү бизнес-ассоциацияларынын, муфтияттын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн келүүсү күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан Ислам өлкөлөрүнүн метрология жана стандартташтыруу институнуна 2015-жылы мүчө болгон.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM