Биз менен байланышыңыз

Дүйнөнүн эң кымбат сүрөтчүсү эмгегин 90 млн долларга сатты

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Ноя 2018 | 604 | 0

Британиялык 80 жаштагы сүрөтчү дэвид Хокнинин “Бассейндеги эки фигура” аталышындагы сүрөтү 90 миллион долларга сатылды. Нью-Йорктогу сүрөт галереясында сатылган бул картина учурда жашап жаткан сүрөтчүлөрдүн эмгектеринин эң кымбаты болуп, жаңы рекорд жасады.

Буга чейинки эң кымбат сүрөт 63 жаштагы Жефф Кунска таандык болчу. Анын “Учуучу шардагы ит” картинасы 58 миллион долларга бааланган болчу.

Бул баа Хокнинин өздүк рекорду да болуп калды. Анын буга чейинки сүрөтү 28,5 миллион долларга сатылган.

Сүрөттү британиялык миллиардер Жо Льюис сатып алган. Ал Багам аралдарында жашап, мындан башка Пикассо, Анри матисс сыяктуу атактуу өнөрпоздордун да эмгектери бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM