Биз менен байланышыңыз

Светтик мамлекеттеги Исламдын орду талкууланды

Коом | 15 Ноя 2018 | 1564 | 0

Дүйнө жүзүндөгү 25тен ашуун өлкөдө мамлекеттик статуска ээ болгон ислам дининин светтик өлкөдөгү орду Бишкекте талкууланууда. Экинчи ирет 20дан ашык мамлекеттин диний өкүлдөрүнүн, илимпоздорунун башын бириктирген бул эл аралык конференцияда тематикалык багыттар каралган. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешовдун билдиришинче, конференцияда диний сабаттуулук, диндар айымдардын коомдогу орду, диний маселелерди ММК чагылдырууга басым жасалган.

Билим берүү маселеси, диний маселелерди ММКда чагылдыруу, радикализм, экстремизмге бөгөт коюу бул негизги көйгөйлөр. Бул жолкусунда конференцияда тематикалык секциялар каралган. 

Экстремизм, радикализм деген сөздөр азыркы күнгө чейин ислам дини менен айкалыштырылып колдонулганы өкүндүргөнүн “Ыйман” диний манадиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков айтат. Азыркы күнгө чейин көпчүлүк терминдердин мааниси туура эмес колдонулуп жаткандыгына көңүл бурат.

-Ислам десе эле экстремизм, радикализм дегенди түшүнгөндөр көбөйүп бара жатат. Исламист дегенде массалык маалымат каражаттарында сакалчан, колуна автомат кармаган кишини көрсөтүп жатышат. Бирок коммунист дегенде коммунисттин идеясын колдогон киши, ошондой эле фашист, социалист, буддист деген сөздөр өзүнүн маанисинде эле колдонулуп келет. Ал эми исламист десе эле башка мааниде түшүнүшөт. Ошондуктан, термин боюнча жалпы пикирге келүү зарыл.

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев экинчи ирет өтүп жаткан эл аралык конференция ислам дининин чыныгы баалуулуктарын жаштарга, коомго жеткирүүгө чоң шарт түзөрүн айтат.

Караңгылыкты кетириш үчүн курал колдонуунун кереги жок. Аны жоюу үчүн жарыкты алып келүү жетишет. Жарык келсе караңгы өзү кетет. Ошондой максатта бүгүнкү конференция да өтүп жатат. Ошол диндин баалуулуктарын туура багытта колдонуу зарылчылыгы белгиленет. Светтик өлкөдө ислам дини бирөөнүн укугун тепселебей, чектен чыкпай дин тутуу эркиндиги. Динди саясатташтырбай, мыйзамды тебелейбей кармануу.

Эл аралык конференция президент Сооронбай Жээнбековдун колдоосу менен өтүүдө. Конференцияга катышкан өлкө башчы: дин — адамдын жүрөгүндөгү ишеним. Динге карата мамиле — ар бир адамдын  жеке иши. Эч ким башкаларга өз көз карашын таңуулай албайт тургандыгын айтты. Бирок ошол эле учурда мамлекеттин базалык функциялары бар экенин белгилеп, өзүнүн сунуштарын билдирди. Анткени диндин атын жамынып, өз кызыкчылыгы үчүн колдонгондорду да белгиледи.

Айрым уюмдар жана кыймылдар динди саясатташтыруу аракеттерин жасап жатканына да күбө болуп жатабыз. Диндин коомдогу ролун, тарбиялык, ыймандык, адамдарды бириктирүүчүлүк асыл сапаттары айтылбай, ислам динине тиешеси жок нерселерди, догмаларды жабыштырган учурлар аз эмес. Исламды жамынып алып, кыргыз элине өзүнүн салттарын, маданиятын киргизүүнү көздөп жаткандар да бар. Жаштарды заманбап билимден, маданияттан, илимдин жана техниканын жетишкендиктеринен алыстатып жаткандар да жок эмес. Жалпы Борбор Азия регионунда болуп жаткан окуялар, айрым группалардын таасири биздин өлкөгө да жетип жатат. Исламды өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланууга, аны зордук-зомбулуктун, экстремизмдин куралына айландырууга жасаган аракеттердин курмандыгы  болгон айрым жарандарыбыз бар.

Акыркы социологиялык изилдөөлөргө ылайык, өлкө калкынын 90% ислам динин карманат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM