Биз менен байланышыңыз

Парламент бюджет тууралуу мыйзам долбоорун талкуулайт

Кыска кабар | 15 Ноя 2018 | 439 | 0

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өлкөнүн 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө мыйзам долбоору талкууланат. Буга чейин бюджет жана финансы боюнча комитети бюджет жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бюджеттин негизги көрсөткүчтөрү боюнча баяндама жасап, быйыл республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 142 млн сом суммасында болгонун айтты. Бул ички дүң продукциясынын 25,4%да каралган.

Бюджеттин чыгашасынын жалпы көлөмү 157 млн сомдун деңгээлинде түзүлгөн. Бул 2018-жыл үчүн бекитилген бюджеттен 3 млн сомго аз.

Ал эми бюджеттин таңсыктыгы 15 млн сомду түзөт. Бюджет таңсыктыгын жоюу үчүн 15 млн сом суммасындагы каржы булактары каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM