Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө 191 мектеп авариялык абалда

Кыска кабар | 14 Ноя 2018 | 446 | 0

Өлкө боюнча 191 мектеп авариялык абалда, 380 мектеп толук оңдоодон өтүшү керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеңеште өткөн “өкмөттүк саат” учурунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн 158 мектебинде балдар 3 нөөмөт менен окуп жатышат. Ал эми өлкө боюнча жалпы 1 млн 200 миң бала билим алат.

Өмүрбекова мектептерде орун жетишсиздиги боюнча депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, бул маселе мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын негизинде чечүү зарылдыгын белгиледи.

Ал эми депутат Ирина Карамушкина мектептердеги медициналык пунктарды жоюу туура эмес болгонун, аларды калыбына келтирүү керектигин сунуштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM