Биз менен байланышыңыз

Кулматовдун паспорту боюнча арыз артка кайтарылды

Кыска кабар | 14 Ноя 2018 | 990 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовдун жарандыгы боюнча арызын артка кайтарып алды. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Каттоо кызматынын арызы каралышы керек болчу.

Сот отурумунун башталышында судья Алмаз Калыбаев билдиргендей, аталган мекеме кат менен кайрылып арызын артка кайтарып алган.

Эске салсак, Мамлекеттик каттоо кызматы Кубанычбек Кулматовдун жарандык паспортун жокко чыгарууну өтүнүп сотко кайрылган. Мекеме буга Кулматов 1996-жылы Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алганын жүйө келтирген.

УКМК Кулматов СССР убагында алган паспортун жоготуп койгонун, Орусиянын паспортун жана жарандыгын алганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM