Биз менен байланышыңыз

Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтары Ооганстандагы кырдаалды талкуулады

Кыска кабар | 14 Ноя 2018 | 474 | 0

Бишкекте түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын жыйыны өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча комитети билдирди.

Жыйынга Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстан мамлекеттеринин атайын кызматтарынын жетекчилери, ошондой эле башка мамлекеттердин делегаттары байкоочу катары катышышты.

Анда Ооганстандагы кырдаал, сирия-ирак аймагындагы согуштук чыр-чатактар жана анын түрк тилдүү мамлекеттерге тийгизген таасири талкууланды.

1998-жылдын 20-майында түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын Конференциясын түзүү боюнча протоколго кол коюлган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM