Биз менен байланышыңыз

15-ноябрда түнкүсүн катуу суук болот

Кыска кабар | 14 Ноя 2018 | 502 | 0

15-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында кар жаайт. Басымдуу аймактарга туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…+1;

Таласта түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5;

Нарында түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6;

Бишкект жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абаны табы түнкүсүн -12…-14, күндүз 0…-2.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM