Биз менен байланышыңыз

«Макмалалтын» менен биргелешкен ишкана түзүү боюнча сынак жарыяланды

Кыска кабар | 14 Ноя 2018 | 561 | 0

14-ноябрдан тарта «Макмалалтын» комбинатынын базасында биргелешкен ишкана түзүү боюнча сынакка катышуу үчүн табыштамалар кабыл алына баштады. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ишканасынан билдиришти.

Арыздар 30 күн аралыгында «Кыргызалтын» ишканасынын борбордук аппаратында кабыл алынат.

Жеңүүчү бир топ критерийлер менен аныкталат:

-жергиликтүү элге максималдуу санда жумушчу орун берүү;

-кенди иштетүүдө экологиялык жактан коопсуз реагенттерди жана заманбап технологияларды милдеттүү түрдө колдонуу;

-кыска мөөнөттө алтын ылгоочу жаңы фабриканы ишке киргизүү же мурдагы турган фабриканы модернизациялоо;

-долбоорду каржылоо инвестордун өзүнүн каражатынан болушу;

-Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондуна жыл сайын салымдын өлчөмү 1 пайыздан кем эмес болушу керек;

-тоо-кен казуу тармагында иш тажрыйбасы болушу шарт.

Сынакка Кыргызстанда жана чет өлкөдө катталган юридикалык жактар, ошондой кыргызстандык жана чет элдик жеке жактар катыша алат.

Жеңүүчү мекемелер аралык комиссия тарабынан беш жумушчу күндүн ичинде аныкталат.

«Макмал» алтын кени 1986-жылы ишке кирген.

Copyright © 2017 Maral FM