Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 400 миңдей бала бакчага барбайт

Кыска кабар | 14 Ноя 2018 | 956 | 0

Кыргызстанда 3-6 жаштагы 400 миңдей бала бакчага барбайт. Бул тууралуу вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова парламент жыйынында билдирди.

Ал Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарына таянып, өлкөдө 3-6 жаштагы 608 миң бала бар экенин айтты. Алардын ичинен 400 миңдейи бала бакчага барбайт. Ал үчүн 1,6 миң жаңы бала бакча куруу, ага 80 млрд сом керек болот.

Бала бакчага барбагандардын бардыгын жайгаштыруу үчүн 250 орундуу 1600 бала бакча керек. Аны салууга учурдагы баалар менен алганда 80 миллиард сом зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM