Биз менен байланышыңыз

Байдылдаев: Айыл өкмөттөр текшерүүлөрдү жашырышат

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Ноя 2018 | 570 | 0

Айыл өкмөттөр болгон текшерүүлөрдү айтпай, жашырып калышкан. Себеби коркушат. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөттөрдө болгон текшерүүлөр боюнча алынган маалыматтар өкмөттүн, президенттин аппаратына жеткирилип жатат.

«Бирок айылдык кеңештин депутаттары сүйлөшүп алып «сен бизди укпай жатасын» деп айыл өкмөт башчыларын алмаштырып жатышат. Бул оорууга айланды. Ар бир облус боюнча бир айда жок дегенде 3-4 жолу кайра-кайра алмашат. Депутаттар айыл өкмөтүнө ишенбестик көрсөтүп, аны жарым жыл да иштеттирбей кызматтан кетирип коюшууда. Ошондуктан биринчи кезекте эл деп күйгөн депутаттарды шайлоо зарыл», — дейт Байдылбаев.

Байдылдаев өлкөнүн түштүк аймагында жарандар өз алдынча фонд түзүп регионду өнүктүрүп жатканын кошумчалайт.

Маалым болгондой, өз алдынча түзүлгөн фонддор жыл сайын аймактын бир көгөйүн чечип берет. Мындан улам айыл өкмөттөр жыл аягына чейин типтүү долбоорду иштеп чыгуу каралууда.

«Инвестор социалдык объект курчу болсо жергиликтүү бийлик ишкерди чуркатпай ошол жерди коммуникация менен камсыздап, пакет даярдап бериши керек», — дейт Байдылдаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM