Биз менен байланышыңыз

Баткенге 2 чоң логистикалык борбор курулат

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Ноя 2018 | 563 | 0

2019-жылы Баткен облусунда 2 чоң логистикалык борбор салынат. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, логистикалык борбор өкмөттүн социалдык өнүктүрүү програмасынын алкагында курулат. Учурда ишкана куруучу ишкерлерди салыктан бошотуу маселеси каралып жатат.

«Өнүгүү түйүндөрү эсептелген 20 шаарды өнүктүрүү программасы боюнча 14 шаардын презентациясы болду. Жыл соңуна чейин калган 5 калаанын да презентациясы болот. Мындан сырткары жаңы даярдалган токтомго ылайык, кен байлыктарды иштетүүдө айыл өкмөттөр лицензияны, кум, шагыл колдонуу боюнча райондогу комиссиялардан уруксат алат», — дейт Байдылдаев.

Ал быйылкы жылы айыл өкмөттөрдү текшерүү азайганын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM