Биз менен байланышыңыз

Турганов: Айыл өкмөт башчылары иштебей эле текшерүүнү күтүп калган

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Ноя 2018 | 681 | 0

Канткенде айыл өкмөттөр датациядан чыгат деген маселени карап, ишкерлерге жеңилдетилген шарттарды түзүп берүү зарыл. Мындай пикирин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Жылдызбек Турганов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөттөрү коомдук угуу кеңешин түзсө, бюджеттин бөлүштүрүлүшүн, сарпталышын көзөмөлдөйт.

Турганов чек арага жакын жайгашкан айыл өкмөттөргө статус берүү зарыл экенин кошумчалайт.

«Мамлекет колдоо көрсөтүп, ал жерде жашагандарга ишканаларды куруп бериш керек. Өзбекстанга, Тажикстанга жакын жайгашкандар өздөрү менен өздөрү болуп калган. Айыл өкмөттөргө шарт түзбөсөк өнүкпөйбүз», — дейт Турганов.

Ал буга кошумча, айыл өкмөттөрүнө арыз түшсө тийиштүү органдар дароо көзөмөлгө ала каларын айтып, айыл өкмөт башчылары иштебей эле текшерүүнү күтүп калганын белгиледи.

«Той-топурду азайтуу зарыл. Сөзсүз түрдө марафон болот. Анда айыл өкмөтү, райондук адмнистрация четте калбайт. Карасаң эле спорт зал же башка нерсе ачылып өкмөт өкүлү кызыл тасма кесип, тамак ичип отурганын көрөбүз. Айрым губернаторлор жөн гана отурат. Оптимизация кылып, иштей албаган губернаторлорду жоюп салышы керек», — дейт Турганов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM