Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк банк “Digital CASA” долбооруна 50 млн доллар бөлөт

Кыска кабар | 13 Ноя 2018 | 443 | 0

Жогорку Кеӊештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Digital CASA — Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуу боюнча мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин берген маалыматына караганда, Дүйнөлүк банктын эл аралык өнүктүрүү ассоциясы «Digital CASA» долбоорун каржылоо үчүн 50 млн доллар бөлүүгө даяр, анын 50 пайызы насыя жана 50 пайызы грант болуп саналат. Каражат 38 жылдык мөөнөт менен берилүүдө.

Андан тышкары, долбоор 2019-жылдан тарта ишке ашырыла баштай турганы, анын операторлору сынак аркылуу тандалып алына турганы белгилүү болду.

Келишим парламентте ратификацияланганга чейин анын техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болууга тийиш. Санариптик маалыматтардын баары дата-борбордо сакталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM