Биз менен байланышыңыз

Асанов: Тигүүчүлүк тармагында миңдеген жумуш орундары бош турат

Кыска кабар | 13 Ноя 2018 | 931 | 0

Тигүүчүлүк тармагында миңдеген жумуш орундары бош турат. Бул тууралуу “Легпром” ассоциациясынын президенти Сапарбек Асанов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бир топ орун бош турганына карабастан, жаштар тигүүчүлүк тармагында иштегенди каалашпайт. Мындагы жумушчулардын орточо курагы 40 жаш болуп саналат. Ошондой эле өкмөттөн тигүүчүлүк тармактагы жумушчуларга ипотекалык негизде насыя берүүнү суранды. Бул нерсе ички жана сырткы миграцияны төмөндөтө тургандыгын кошумчалады.

Бул боюнча экономика министринин орун басары Элдар Абакиров “Жеткиликтүү ипотека” программасы иштелип жаткандыгын, ал бардык тармактагы жарандарга багытталганын билдирди. Аны менен катар тигүүчүлүк продукцияларына болгон салык боюнча жеңилдиктерди түзүү маселеси каралып жаткандыгын  белгиледи.

Учурда «Жеткиликтүү ипотека» боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке кароого жиберилген.

 

Copyright © 2017 Maral FM