Биз менен байланышыңыз

13 жолу өлүмдү эстедим

Блог | 13 Ноя 2018 | 2185 | 0

Кечээ Бишкектен Жалал-Абадка жолго чыктым. Негизи жолдо жүргөндө жакшы уктайм. Кеч болсо да чыгып, бир уктап турганча жетип барам дегем. Түнү менен жетип алсам, күндүзү жумушка чыгып калам деген ой.

Досторум менен жолугуп, 22:00дон өтүп Ош базардан «1 адам…» деген машинеге отуруп алдым. Кар учкундай баштаган. Жалал-Абадка 2-жолу ушул жерден такси кармап отуруп жатам, адатта атайын таксисттерге отурам.

Ар дайымкыдай бейкапар, эч нерседен күмөнсүз эле отуруп алдым. Кара-Балтага жетпей көздү жумгам. Уктап бараткам. Машине 3 айланганда ойгонуп кеттим, Төө-Ашуудан ылдый баратыптырбыз. Бир түздөлүп, 100 метр жылбай дагы айландык. Бул көрүнүш ашуудан түшкөнчө 6 жолу кайталанды. Жүрөгүм оозума келип калган. «Эс алып, күндүзү жолго чык» деген жакындарымдын сөзү кулагымдан кетпей койду. Ушинтип, оңой эле кетип калчудай сезилди. Жок дегенде, жарга кулабай, тоону сүзүп токтосок экен дейм аргасыз. Оозубуздан келмебиз түшпөй, кумурскадай кыбырап Ала-Бел менен Көк-Белди да аштык.

Жол катары 7 жерде сайга кулап түшкөн, жарга асылып калган, кагышып кеткен, өчүп, тоңуп калган унаалар. 13 жолу өлүм көзүмө көрүндү.

Жол муз, калың кар… Эл өзү менен өзү. Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн жан көрүнбөйт. Же уктап жатат же башына тартса бутуна жетпей, жетишпей чуркап жүргөн чыгар.

Көрсө, 4 адамды сала кеткен «попутчиктин» 4 дөңгөлөгү тең жайкы экен. Аны кайдан билейин. 1-2-курстун студенти, 8 айлык баласынын күлкүсүнө мас болгон жаш жубайлар, тоону омкором деген аруу кыялдарга мас болгон мен жана жоопкерчиликсиз, адам өмүрүнө кайдыгер шопур.

Өлкөбүздүн чыныгы абалы ушул. «Кыргызстан» деген таксини башкаргандардын көпчүлүгү жыртык дөңгөлөгүн жамаганга мойну жар бербей, салган 4 адамдын акчасына шапар тепкен шопурдун кейпиндей.

Эшегине жараша тушагы…

Аззамбек Жээнбай уулу

Copyright © 2017 Maral FM