Биз менен байланышыңыз

“Кан-Ачуу” жаратылыш паркына алгачкы жолу тузак камера орнотулду

Кыска кабар | 12 Ноя 2018 | 639 | 0

Тогуз-Торо районундагы “Кан-Ачуу” жаратылыш паркына алгачкы жолу тузак камера орнотулду. Аны орнотууга Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү долбоору колдоо көрсөткөн.

Уюм тарабынан жергиликтүү мергенчилерге тузак камераны жапайы жаныбарларга илимий изилдөө, мониторинг жүргүзүүдө колдонуу боюнча тренинг өтүлдү.

Аталган техника жапайы жаныбарлар жана алардын Кызыл китепке кирген түрлөрү боюнча так маалымат берет. Бул илимий иликтөөнүн деңгээлин жогорулатып, Кыргызстандагы жаныбарлар тууралуу маалыматка ээ болууну шарттайт.

Copyright © 2017 Maral FM