Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча, 12-ноябрда өлкөнүн басымдуу аймагында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрди түзөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1;
Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1;
Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +3…+8
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1
Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3.
Бишкек шаарында кар жаайт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрди түзөт. Абанын табы түнкүсүн -2 … -4, күндүз -1 … -3 градус болот.