Биз менен байланышыңыз

Талас: Апрель баатыры өзүнүн эстелигинин ачылышына катышты

Кыска кабар | 11 Ноя 2018 | 772 | 0

Бакай-Ата районунда 20 кишиге эстелик тургузулуп, алардын арасында Апрель окуясынын баатыры Алиясбек Алымкуловдун да айкели да бар. Анын ачылышында 10-ноябрда эстелигин Алымкулов өзү ачкан.

Көзү тирүү адамдын эстелигинин тургузулушу коомчулукта кызуу талкууга алынып, сынга кабылды. Анда орнотулган 17 эстелик каза болгон инсандарга, ал эми 3 айкел көзү тирүү адамдарга коюлган.

Эстеликтердин орнотулушуна жалпысынан 2 миллион сом каражат сарпталган. Аны айкели коюлган адамдардын жакындары, коомдук уюмдар каржылаган.

Белгилей кетсек, Алиясбек Алымкулов 2010-жылы Апрель окуясына катышып, башына эки жолу ок жеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM