ЖККУда төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өттү. Президент Сооронбай Жээнбеков уюмдун дараметин жана уюмдун эл аралык аброюн мындан ары арттыруу үчүн кыргыз тарап бардык күч-аракетин жумшай турганын билдирди.
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 8-ноябрда Казакстандын Астана шаарында иш сапар менен болду. Анын алкагында президент Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышты. Сессиянын аягында жыйынтыктоочу документтерге кол коюлду. Андан соң ЖККУда төрагалык кылуу Кыргызстанга өттү.
Жээнбеков уюмга натыйжалуу төрагалык кылгандыгы үчүн казак тарапка, ошондой эле жолугушууну уюштурганы жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн казак президенти Нурсултан Назарбаевге ыраазылык билдирди.
-Тар курамда биз регионалдык жана эл аралык коопсуздуктун олуттуу проблемаларына тийиштүү бир катар маанилүү маселелерди талкууладык. Бүгүнкү жыйындын жыйынтыктары боюнча келерди сессиялар аралык мезгилде ЖККУга төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өтөт. Ушуга байланыштуу уюмдун дараметин жана эл аралык аброюн мындан ары арттырууга аракет жумшайбыз деп ишендиргим келет.
Президент ошону менен бирге эл аралык саясаттагы арсардыктын өсүшү, дүйнөдө, өзгөчө Жакынкы Чыгышта жана Ооганстанда чыңалуу зоналарынын сакталышы регионалдык коопсуздукка терс таасирин тийгизип жатканын белгилейт.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстан уюмда төрагалыкты жогорку деңгээлде алып барарына ишеним билдирди.
-ЖККУга төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөрүлүп берилүүдө. Коңшу мамлекет уюмга жогорку деңгээлде төрагалык кылып, уюмдун мындан ары өнүгүп-өсүүсүнө олуттуу салым кошот деп ишенем. Биз ар дайым жардам берүүгө даярбыз.
Пленардык жыйында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Башкы катчысынын жыл сайын жасоочу баяндоосу, өткөн жылдагы сессиясынын чечимдерин аткарылышы жана уюмга кыргыз тарап төрагалык кылган мезгилдеги ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маселелер каралды.
ЖККУга Кыргызстан, Казакстан, Армения, Беларус, Орусия жана Тажикстан мүчө.
Ал арада Кыргызстан уюмга төрагалык кылууда кайсы маселелерди чечип алуусу керек деген суроонун айланасында серепчилер да баш катыра баштады. Ошону менен бирге төрагалык кылуу өлкөгө кандай артыкчылыктарды берет?
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов Кыргызстан аталган уюмга төрагалык кылууда өлкө коопсуздугун бекемдеп алууга жакшы мүмкүнчүлүк болоорун белгиледи.
-Кыргызстан ЖККУга төрагалык кылганда сөзсүз жаңы тажрыйба алат. Уюм коопсуздукту сактоодо Кыргызстанга жана Борбордук Азияга таасирин берет. Биз төрагалык кылып турган учурда коопсуздук маселелерин чечип алышыбыз керек. Мисалы, бир өлкөгө кол тийигизсе, ага мүчө болгон 5 мамлекет тең жооп берет. Ошондой эле Кыргызстан аскер кадрларын даярдаганга да тажрыйба алат.
Ал эми мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев болсо, чек араларды бекемдөө меселесине өзгөчө көңүл буруу зарыл деп эсептейт. Ошондой эле, Жакынкы Чыгыштагы коркунучтарга карата да иш-чаралар болууга тийиштигин айтат.
-ЖККУ көп кызматташтыкка багытталган уюм. Учурда тез арада чечүү керек болгон көйгөй жок. Акыркы мезгилде Ооганстанда ИГИЛдин адамдары келип, кырдаал курчуп жатат. Тажикстандык Халилов деген командир 6 миңдей согушчан менен келип, чек арада турат деген маалыматтар чыгууда. Ушуга байланыштуу чек ара маселелери каралышы керек.
Айта кетсек, ЖККУ мамлекет башчыларынын Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан өлкөлөрүнүн президенттери жана Армениянын премьер-министри катышты.