Биз менен байланышыңыз

Итибаев: Декларацияны ачык толтурууга шарт жок

Күн чекит | 9 Ноя 2018 | 1162 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2017-жылга карата чиновниктерге катталган мүлктөрдүн тизмесин жарыялады. Кызматтын сайтындагы ачык маалыматта президенттин мүлкү 2016-жылга салыштырмалуу азайганын жана Жогорку Кеңештин 48  депутатынын турак-жайы жок экенин көрүүгө болот.

Мамлекеттик кызматкерлер тапшырган декларациянын күнгөй тескейин Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев «Күн чекит» программасында айтып берди.

 -Бүгүнкү күнү мамлекеттик кызматкерлер тапшырып жаткан декларация кандай ишке ашып жатат? Ачык-айкындыкты көрүп турасызбы?

Кызматкерлердин декларациясын текшерүү абдан жакшы көрүнүш. Бирок декларация толтуруучу тарапты дагы ойлоп коюш керек. Себеби аны тапшыруу оор экенин көпчүлүк айтып жүрөт. Муну бухгалтерлер түшүнбөгөн жагдайлары бар экенин көргөм. Система автоматташтырылганы менен азырынча толук кандуу иштеп кете элек. Ошондуктан тапшырбагандар көп.

-Жогорку кызматтагы адамдар өз мүлктөрүн жашырып келгени боюнча коомчулукта көп эле айтылып жүрөт.  Ачыктыкты кантип камсыз кылуу керек. Эл аралык практикада кандай?

Эл аралык практикада бул процесс биринчи институттардан баштайт. Иштеп жаткан мекемелер өз бюджеттерин коюшу керек. Кайсы гана мекеме болбосун мейли ал мамлекеттикпи же жекеби, айтор, өздөрүнүн сайтына жайгаштырышат. Экинчи кадам кирешеден тышкары чыгаша дагы абдан дыкаттык менен тешерүүгө алынат. Алар дагы толугу менен ачык жарыяланып турат. Биз дагы ошол көрүнүштү коомго сиңиришибиз керек.

-Бүгүнкү күнү декларацияны текшерүүгө алуу милдети толугу менен Салык кызматына тапшырылып берилди. Бул орган чоң ишти тескеп кете алабы?

Азырык күнү Салык кызматы колунан келишинче иштеп жатат. Бирок абдан көп тапшырма берилип калды. Аны так аткаруу механизмдери чийки. Эгерде кайсы бир чиновникке кылмыш иши ачылса гана башка органдар аралашып  текшерүүгө алуу туура болот. Ага чейин салык кызматы жөндөп кетсе болот. Анткени бул кызматта ар бир кызматкер тууралуу толук маалыматтар бар. Буга кошумча мамлекеттик мекемелер акыркы үч жылдагы бюджетин коомчулукка жарыяласын деген талапты коюш керек. Ошонда баары ачык-айкын болмок.

Маегиңизге рахмат!    

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM