Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Тарыхка толуктоо киргизүү изилденет

Билим-маданият , Коом | 8 Ноя 2018 | 79 | 0

Өлкөдө 7-8-ноябрь тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары эки жылдан бери белгиленип келүүдө. Бул иш чара Ысык-Көл облусунда да уюшулуп , тарыхтын изи менен өзгөчө жаш муундарга кеӊири маалымат жеткирилүүдө.

Каракол шаарынын ардактуу ардагери Эркин Мамбетова 90 жаштын чайын ичүүдө. Ал бар өмүрүн кыргыз мамлекетинин гүлдөп өнүгүүсүнө жумшап, бүгүнкү күндө да мекенчил жарандын катарын толуктайт. Себеби ага мындан 81 жыл мурда репрессияда көз жумган атасы түрткү берген. Эми эки жылдан бери жергиликтүү калк тарыхтын күӊгөй-тескейин карап, кайрадан сүӊгүп кирүүсү Эркин апага мурдагы элести эсине салууда.

Атам 65 жашында репрессияда атылып кетти. Андан кийин апам бизди окутам деп Караколго алып келип, отурукташып калдык. 1938-жылдын сентябрь айында күндөрдүн биринде документтер аркылуу билдик. Көп узабай  менден улуу 2 агам аскерге жөнөп кетип  ошону менен согуштан кайтпай калды. Баягы кагазды окуп отуруп, өзүмдүн атамды кандай сурагандыгын, кандай кыйнагандыгын билдим. Эми азы раны эч ким окуп билбей эле койсун.

Э.Мамбетова белгилегендей репрессия боюнча, 1937-1938-жылдары Сталиндик мезгилде тоталитардык режим менен Кыргызстандан болжолдуу түрдө 2 миңге чукул адам эл душманы катары өлүмгө дуушар болгондугу маалым. Андыктан мындай эскерүүнү өсүп келе жаткан жаш муундарга азыркы таптагы орус кыргыз бийлигинин саясатына айландырбоо керек экендигин илимий кызматкерлер белгилешет. Азыр бул боюнчакайрадан изилдөө башталгандыгын К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин тарых илимдеринин кандидаты Рахат Муканбетова белгиледи.

Мисал үчүн азыр интернет барактарында бир беткей маалыматтар чыгып жатат. Ошол маалыматтар менен калып калбастан факты жүзүндө да карап, студенттер туура маалыматтарды билүү жагына биз көбүрөөк көӊүл буруп жатабыз. Мурунку совет доорунда жазылып кеткен эмгектер менен кийинки чыккан жаӊы эмгектерди тарыхый материалдарды салыштырып коомчулук туура пикирде, туура анализ берүүсүнө түшүндүрмо берип жатабыз.

Аны менен утурлай тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата 1916-жылдагы Үркүн окуясына да токтоло кетүү керек. Себеби акыркы убактан бери өлкөдө жашаган айрым жарандар социалдык тармактар аркылуу Орусиянын  бийлигине карата ар кандай пикирлерди талкуулаган эле. Ошондуктан эки тараптуу фактыларга таянып, «Кандуу көтөрүлүш» деген 2 томдук китеби жарык көргөндүгүн автор Кубан Мамбетов да кошумчалайт.

Албетте тарыхты жаштар билиш керек. Айрым бир мезгилдерде мага да суроо берип жатышат. Силер ушу орустар менен кыргыздарды карама-каршы койгон жоксунарбы деп жатышат. Кечирип коюнуздар. Бүгүн биз В.В.Путинге эмес, мурдагы падышачылыкта орустардын кыргыздарга кылган мамилесин, салакасы жөнүндө жаздым. Бул деген тарых, тарыхты эскербей коюуга мүмкүн эмес.

Кыргызстанда эки жылдан бери 7-8-ноябрь күндөрү тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары расмий белгиленип келүүсү жакшы жышаан экендигин облус жетекчиси Акылбек Осмоналиев да толуктайт. Ал өз сөзүндө тарыхты бурмалабай мындан ары да өткөрүп туруу керек деп жыйынтыктады.

1990-жылдардан кийин көп мамлекеттерде бул майрам майрамдалбай калган. Кыргыз мамлекети бул майрамды быйылкы жылы экинчи жылы белгилеп жатабыз. Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү биз үчүн ыйык күн болуш керек. Тарыхыбызды билбесек, келечегибизди аныктай албайбыз. Бабалардын эрдигин, эмгегин баалабасак, келечекти жакшы аныктай албайбыз. Бул күндүн мааниси абдан чоӊ деп эсептейм.

Алдыда Ысык-Көл облусунун деңгээлинде ата-бабаларды эскерүү күнү илимий конференциялардын коштоосунда да улана бермекчи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM