Биз менен байланышыңыз

Замирбек Аскаров Астанада санариптештирүү маселесин көтөрдү

Кыска кабар | 8 Ноя 2018 | 521 | 0

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Астана шаарында «Digital Bridge» Эл аралык инновациялык форумуна катышты. Ошондой эле өлкө премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен биргеликте Эл аралык эксперттик коомчулуктун 5-кеңешмесине катышты.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, иш-чарада Аскаров Кыргызстандагы чет элдик инвесторлор менен иштөө тажрыйбасы тууралуу маалымат берди.

Биз бүгүн санариптик инфраструктураны ырааттуу түзө турган болсок, анын жыйынтыгында биздин програмалар элибизди бириктирет. Бул санариптештирүү үчүн бирдиктүү укуктук чөйрөнү түзүүгө да байланыштуу.  Анда процесстерди формалдаштыруу да бирдиктүү болуп, программисттерге ыңгайлуу жана жеңил болот”, – дейт Аскаров.

“Digital Bridge” – тажрыйба алмашуу жана инновациялык чечимдер, ошондой эле Борбордук Азия, дүйнө аралык санариптик көпүрө түзүү максатындагы жыл сайын өтүүчү форум.

Быйылкы жылы иш-чарага ар кыл өлкөлөрдүн маанилүү мамлекеттик секторунан, эл аралык  ИТ-коомчулуктан өкүлдөр, технология жаатындагы эксперттер, ишкана жетекчилери, окумуштуулар, ошондой эле 25 ашуун өлкөдөн венчурдук инвесторлор катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM