Биз менен байланышыңыз

Спикер Таласта Айтматовдун айкелине гүлчамбар койду

Кыска кабар | 8 Ноя 2018 | 490 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Талас облусунда Чыңгыз Айтматовдун айкелине гүлчамбар койду. Иш-чарага жазуучунун карындашы Роза Айтматова, уулу Эльдар Айтматов, өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев жана парламент депутаттары катышты.

Ушул тапта жазуучунун 90 жылдыгына арналган иш-чаралар өтүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн Талас облусунда жазуучунун 90 жылдык мааракесине карата уюштурулган Манас айтуу, эр эңиш, ат чабыш, кыргыз күрөшү, көк бөрү боюнча финалдык оюндар болот. Андан тышкары Капар Медетбеков атындагы драма театрда төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM