Биз менен байланышыңыз

Бишкекте текстиль өнөр жайынын жумалыгы башталды

Кыска кабар | 7 Ноя 2018 | 636 | 0

Бүгүн, 7-ноябрда Бишкекте Kyrgyz Textile & Clothing Week 2018 тигүүчүлүк өнөр жайынын жумалыгы башталды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ал 16-ноябрга чейин уланып, Кожомкул атындагы спорт ордосунда жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн тигүүчүлүк өндүрүштөрүнүн жарманкеси болот. “Жаннат” мейманканасында 13-14-ноябрда тегерек стол, ал эми 13-16-ноябрда мода жумалыгы өтөт.

Ошондой эле “The Next Fashion” жаш дизайнерлердин сынагы, “Fashion Brand” өндүрүш компанияларынын сынагы өткөрүлөт. Аны менен катар кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү, анын дизайнерлеринин “Алтын тоос” сынагы болот.

Иш-чараны өкмөт, “Легпром” жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы жана уюмдар уюштуруп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM