Быйылкы жылды президент Сооронбай Жээнбеков Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаган. Ага ылайык өкмөт жер-жерлерге инвесторлорду тартууну жандантаарын кабарлаган. «Марал» радиосунун «Айылдан сүйлөйбүз» программасынын бул жолку чыгарылышында аймактарды өнүктүрүү боюнча жасалган иштерге токтолдук. Берүүнү Түмөнбай Абдинаби уулу алып барды.
Жайыл районунун акими Турусбек Ногоев:
— Жайыл району өнөр жайлуу аймактардын катарына кирет. 9 айдын ичинде чакан жана орто бизнес боюнча 26 ишкананы ишке киргиздик. 50дөн ашык адам жумуш менен камсыз кылынды. Аймактарды өнүктүрүү жылына карата атайын иш пландар бекитилген. Ошонун алкагында толук кандуу аракеттер жүрүп жатат. Буга катар эле максат кылып, бирок ишке ашпай калган иштерибиз да бар. Алсак, текстиль фабрикасын ачуу пландашытырылган. Бирок инвесторубуз Бишкекке көчүп кеткендиктен ишкана ачылбай калды. Эгер фабрика курулуп калса 100 жаран жумуш менен камсыз болмок. Социалдык объектилердин абалы жакшы эле. Оорукана боюнча айтсам, АРИС менен биргеликте бейтапканада жанжандыруу бөлүмү үчүн жаңы имарат куруу боюнча иш алып барып жатабыз. Андан сырктары, АРИСТин программасынын алкагында Кара-Суу, Сары-Булак айыл өкмөттөрүндө, Кожомкул айылында фельдшердик-акушердик пункт курулууда. Элди таза суу менен камсыз кылууда “Ала-Тоо булагы” программасынын алкагында Алексеевка айылында 110 млн сомдук долбоор ишке ашырылып жатат. Андан сырткары Суусамыр өрөөнүндө 1,5 млн сомго суу түтүктөрү оңдолууда.
Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев:
— 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаганы менен конкреттүү иштер аз болуп калды. Региондорду өнүктүрүү үчүн децентралдаштыруу саясатын жүргүзсөк жакшы болмок. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар көп маселелерди өз алдынча чече ала тургандай шарт түзүп берсек аймактар өнүкмөк. Бардык маселе Бишкекке келип, министрликтерден чечилет. Ошол министрлердин ыйгарым укуктарын азайтып, ал укукту өз алдынча башкаруу органдарына берсек иш жүзүндө аймактар өнүгөт. Экинчиден, аймактарда кичи жана орто бизнести өнүктүрүш керек. Анткени чоң бизнес региондорго барбайт. Тилекке каршы өкмөт мунун үстүндө жакшы иштей албай жатат. Ротация кандайдыр бир денгээлде пайдалуу болушу мүмкүн. Бирок жергилик башкармалыктардын ыйгарым укугун кеңейтмейинче региондордун өнүгүшу кыйын. Айыл өкмөттөрдүн 90% датацияда отурат. Бийликти элге бериш керек. Ошондо Бишкекке арызданып келбей маселелерин өз алдынча чечип алышат. Биз ЖКда кичи жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча атайын жумушчу топ түзгөнбүз. Азыр көгөйлөрдү изилдеп жатабыз, ал бүтүп калса мыйзам долбоорун даярдоо планыбыз бар.
Өкмөттүн Ош облусундагы атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев:
— Аймактарды өнүктүрүү боюнча президенттин указы менен жумушчу топ түзүлгөн. Анда каржы булактарын, мыйзамдарды карап чыгуу, акимдердин укуктарын кеңейтүү сыяктуу маселелер каралган. Экинчи тарабы, ишкерлер өздөрүнүн айылдарына чакан ишканаларды ачса деген сунуштарды бергенбиз. Бул боюнча форум, жарманкелерди өткөрдук. Анын жыйынтыгы менен да бир топ иштер аткарылып жатат. Ош облусу боюнча 64 ишкана ачылып, 800дөн ашык жумуш орундары түзүлдү. Жакында эле президенттин уатышуусу менен Араван районунда цемент заводу ачылды. Ал жерде жылына 1 млн тонна цемент өндүрүлөт. Инвестициянын жалпы көлөмү 86 млн доллар. Ишканада 500дөй адам эмгектенет. Ошондой эле мындан башка да цемент заводу ачылды. Мындан сырткары, таш иштетекен ишканалар, сүт заводу ачылууда. Мурда насыя алууда маселе жаралган болсо азыр алар чечилди. Улуттук банктын жетекчиси менен эки күндүк семинар уюштуруп, ишкерлер бир топ суроолоруна жооп ала алышты.
Кара-Кулжа районунда жеке ишкер малчыларга 9 млн сомго көпүрө куруп берди. Анын ишин көргөн башка ишкерлер да футбол аянттарын салып, бала бакчаларды оңдоп берип жатышат. Мындан сырткары, аймактык-территориялык реформаны дагы карашыбыз керек. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча иштер жүрүп жатат. Быйыл пахта 2 миң тоннага көп болду. Пахтаны өндүрүүнүн көлөмү жылдан-жылга көбөйтүп жатат. Демек, аны кайра иштетип, кеземе чыгарууга чейин алып барышыбыз керек. Ал эми текстиль тармагында 7 миң жумуш орундуу фабрика курулуп баштады. Көмүр казуу боюнча да алгылыктуу иштер болуп жатат. Ош облусуна бир айыл бир азык программасы активдүү кирип жатат. Быйылкы жылдын аяга менен 47 социалдык объекти ишке берилет. Азыр 20дан ашууну колдонууга берилди. Буга кошумча таза суу, ирригация маселелери да каралууда.