Биз менен байланышыңыз

Айтматовго арналган спорттук оюндар өтөт

Кыска кабар | 6 Ноя 2018 | 769 | 0

6-8-ноябрь күндөрү Талас шаарында Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына арналган спорттук оюндар өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Анда катышуучулар көк бөрү, эр эңиш, ат чабыш жана кыргыз күрөшү боюнча күч сынашат. Мелдештер Райкан Алканов атындагы ат майданында жана “Манас ордо” комплексинде болот.

Айта кетсек, буга чейин Айтматовдун 90 жылдыгына арналган көк бөрү, эр эңиш жана ат чабыш боюнча таймаш Ош облусунда өткөрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM